Садыр Жапаров: “Бир мандаттуу парламент азырынча туура эмес… “

16.10.2020

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы Садыр Жапаров парламентке бир мандаттуу шайлоо азырынча туура эмес экенин билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта шайлоо босогосун 5%га түшүрүү туура болот.

 «Бул менин жеке пикирим, парламентке таңуулаган жокмун. Шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү, ошондой эле 120 деген санды 90 же 70ке азайтуу туура болот деп эсептейм жана парламентке сунуш катары айтам», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, ал парламенттик жана президенттик шайлоо өткөндөн кийин гана Конституциялык реформага баруу туура болот деп эсептей турганын кошумчалады.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram