Текебаев: “Ташиевдин кызматын “Доссекретарь” деп айтаар элем…”

16.10.2020

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Депутаттар Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөдү.

«Бүгүн тарыхый учурда Камчыбек Ташиев жөнүндө бир ооз сөз айтпасам болбойт. Камчыбек Кыдыршаевич досун түрмөдөн гана бошотпостон, аны саясий олимптин чокусуна алып чыкканга чоң салым кошту. Ал достуктун үлгүсүн баарыбызга көрсөттү. Бүгүнкү күндө эгиз козудай ээрчишип бардык жерде чогуу жүрүшөт. Аны көргөн эл Камчыбек Ташиев кандай кызматта, ал кандай статуста деп суроо салууда. Мурун госсекретарь деген кызмат бар эле. Мен бүгүн Ташиевдин кызматын “доссекретарь” деп айтар элем. Госсекретарга эскертүү, сөгүш берсең, жумуштан алмаштырсаң болот эле, доссекретарды алмаштыра албайсың, андан кутула албайсың. Ушул кезге чейин Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун трагедиясынын негизги себеби, эбегейсиз бийликти өз колдоруна жыйнап, анын үзүрүн эл эмес, жакын достору, туугандары көргөндүгүндө болгон. Аларды аңга, жарга ошол достору түрткөн. Бул сизге, Садыр Нуркожоевич, сиздин командаңызга чоң сабак болуш керек. Ошондуктан Камчыбек Кыдырмаевич сиздин жоопкерчилигиңиз, тарых алдында кем эмес, балким андан да жогору», – деди Өмүрбек Текебаев.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram