Тажик мигранттары Москвадагы элчиликтин кызматкерлерин сабап кетишти

28.09.2020

26-сентябрда Тажикстандын Россиядагы элчилиги дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери элчиликтин имаратында сабалганын  тастыктады.

 24-сентябрда Тажикстан жарандарын кабыл алуу учурунда элчилик кызматкери сабалып, жаракат алган.

Кол салган киши дароо кармалган жана Россиянын укук коргоо органдары жагдайды иликтеп жатат.

ТАСС агенттигинин укук коргоо органдарындагы өз булагы: «Жаңжал учурунда эркек киши оппоненттеринин биринин мурдун жана бир манжасын сындырган. Мындан тышкары анын мээси чайкалганы аныкталган. Экинчи жабырлануучу олуттуу жаракат алган эмес», — деп билдирген.

«Азия-Плюс» агенттиги өз булактарына таянуу менен элчиликтин кызматкерлери орой мамилелери үчүн токмоктолгонун жазды. Элчилик бул маалыматты четке какты.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram