Дарядан 26 жаштагы кыздын сөөгү табылды

28.09.2020

Куткаруучулар  Аламүдүн районунун Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен 26 жаштагы кыздын жансыз денесин табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда саат 14:40 чамасында 1994 жылы туулган О. кызы Н аттуу жарандын жансыз денеси табылды. Ал 15-августта “ Теплые ключи” эс алуу жайында эс алып жаткан учурда дарыяга түшүп  кеткен.

Кызды издөө максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 куткаруучу тартылган.

Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин милиция кызматкерлерине өткөлүлүп берилди.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram