Абдывахап Нурбаев: Алтымыштан ашык маанилүү мыйзам долбоорун демилгеледим

28.09.2020

Өткөн чакырылышта эң натыйжалуу иштеген эки депутатты белгилесек, анын бири Абдывахап Нурбаев деп ишенимдүү айтууга болот. Куру сөз, ашыкча пиар, популисттик билдирүүлөрдөн алыс жүрөт. Дээрлик ар бир жыйында өкмөттүн ишине карата негиздүү сын айтып, ошол эле учурда альтернативдүү сунуштарын да бере алат. Ал мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн да аксаткан жок – “Ачык асман”, “Таза Аба” долбоорлору, жеке мектептерди салыктардан бошотуу өңдүү актуалдуу демилгелери ишке ашты.

  • Абдывахап мырза, өткөн чакырылыштагы ишмердүүлүгүңүздүн жыйынтыгын чыгарсак. Кандай демилгелер, чечимдер ишке ашты?
  • Жогорку Кеңештин депутатынын өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө милдеттери бар. Мен бул милдеттерди аткарууга командам менен бирге күч-аракетимди жумшадым. Дароо белгилей турганым – негизги демилгечи катары Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү кеңешин түзө алдык. Бул аянтча Жогорку Кеңеш менен бизнес ассоциациялардын ортосундагы диалогду камсыздоого багытталган. Кеңеш аркылуу ишкерлерге жолтоо болгон мыйзамдык нормаларды өзгөртүү менен алардын көйгөлөрүн чече баштадык. Ошонун негизинде бир нече мыйзамдарды кабыл алып бердик.

Негизи депутаттык ишмердүүлүгүмдө билим берүү, экономика, экология тармактарына басым жасап иштейм деп максат койгон элем. Жалпысынан 60тан ашык мыйзам долбоорун демилгелеп, көпчүлүгү кабыл алынды. Анын ичинде билим берүү тармагы боюнча 5-6 жакшы мыйзамдарыбыз өтүп, азыр иштеп жатат. Мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча да бир нече жолу сунуш берип, Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, агартуучулардын айлыгы көтөрүлдү. Андан сырткары 2002-жылдан бери сөз болуп, бирок ишке ашпай жаткан “Ачык асман” саясатын кабыл алдык. Аймактарды өнүктүрүү, ошол жакта жумуш орундарын уюштуруу боюнча мыйзам долбоорубуз биринчи окууда кабыл алынды.

                             Абдывахап Нурбаев жаш ойлоп табуучулар, жаш мугалимдер, окуучулар арасындагы сынактарды демилгелеген. Бул иш чаралар бир нече жылдан бери ийгиликтүү ишке ашып келет.

 – Ишке ашпай калган сунуштар болдубу?

  • Аймактарга инвесторлор келбей жатканынын негизги себеби – жер маселесин чечүү өтө татаал. Азыр жерлерди бир категориядан экинчисине которуу борбордон, тагыраагы, өкмөттөн гана чечилет. Биз “өндүрүш ишканаларын, таза суу, мектеп, бала бакча салуу үчүн айылдык кеңештин чечими менен район акими жерди трансформация кыла алат” деген өзгөртүүлөрдү сунуштаганбыз. Мыйзам кабыл алынса, бардык жоопкерчилик  жергиликтүү башкаруу органдарынын мойнунда болуп, алардын ыйгарым укуктары кеңеймек. Тилекке каршы, шайлоо алдындагы кырдаалга байланыштуу долбоор биринчи окуудан өткөн боюнча токтоп калды, алдыда ишке салууга аракеттенебиз.

 Нурбаевдин демилгеси менен “Ата Бейитти” ачкан Бүбүйра Кыдыралиева апа үйлүү болгон 

  • Сиз активдүү бизнес коргоочулардансыз. Бийлик ишкерликти өнүктүрүү жаатында көп сөз айткан менен, абал өзгөрүп кеткен жок. Эмне тоскоолдуктар бар?
  • Өкмөттүн чечим кабыл алууда өтө жай аракеттенгендиги, айрым учурда жоопкерчиликти мойнуна алуудан корккондугу тескери таасирин тийгизип жатат. Чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө жол ачып бере албай жатканы – эң чоң ката. Элге эркиндик берип, иш жүргүзүү боюнча эрежелерди жеңилдетсек, бизнес өз арабасын өзү эле сүйрөп кетмек. Алар төккөн салыктан мамлекеттин капчыгы да кампаймак. Ишкерлер өкмөттөн жардам же каржы күткөн жок, алар “тоскоолдуктар азайса, аша чапкан чектөөлөргө чекит коюлса” деген гана  сунуштарын айтышат. Чынында Кыргызстанда кандайдыр бир ишкана түптөп, бизнести жолго коюу өтө кыйын. Мисалы, оорукана ачуу үчүн лицензия алууга эле бир нече жыл кетиши мүмкүн. Бизде “чубалган кагазды” чогултуп, документ бүтүрүүгө кеткен убакыт аралыгында башка өлкөлөрдө ишканалар жапжакшынакай ишке түшүп калат.
  • Шайлоого “Ата Мекендин” туусунун алдында түзүлгөн “Жаны дем” альянсы менен бара жатасыз? Бул саясий чечимиңизди негиздеп берсеңиз.
  • Биз быйыл Жанар Акаев башында турган Кыргыз либерал демократиялык партиясын түптөдүк. Ошол партия менен альянска кирүүнү туура таптык. Анткени бизге партиялардын арасынан пикирлеш, идеяларыбыз жакыны “Ата Мекен” болду. Жаңыланган командабызга таза адамдар, мурда-кийин коррупциялык иштерге аралашпаган, артында ылайкасы жок талапкерлер кошулду. Мындан сырткары катарыбызда чет жакта иштеп, дүйнө саясаты, эл аралык экономикадан кабары бар, универсалдуу тажрыйбага ээ жаштарыбыздын бар экендиги кубандырат.

Партиялардын арасынан пикирлеш, идеяларыбыз жакыны “Ата Мекен” болду

Абдывахап Нурбаевдин  VI чакырылыштагы ишмердүүлүгү

62 мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

“Ачык асман” саясаты ишке ашууда

Биздин аэропорттор аркылуу учууну каалаган бардык авиакомпаниялар үчүн жол ачылды. Мисалы, Пекинден Берлинге учкан самолет Бишкекке конуп, адам/жүк алып-түшүрүп кетсе болот. Бул жаңы рейстердин ачылышына алып келет. Конкуренция жолу менен ички каттамдар да арзандайт. Май айында Ош-Стамбул каттамы ишке кирмек, пандемиянын таасиринен ачылбай калды.

Алыскы аймактарга байланыш, интернетти жеткирүү тездеди

Байланыш операторлорунун антенналарын орнотуу өтө түйшүктүү иш болгон. Мындан ары республиканын бардык аймагында антенналарды коюу үчүн жерди трансформация кылуунун жана каттатуунун кереги жок. Трансформация өтө татаал процесс, Өкмөт аркылуу болуп, бир антеннаны орнотуу үчүн эле 2-3 жылдай убакыт кетчү. Эми бул процедура өтө жеңилдеди. Мындан ары аймактарга байланыш жана сапаттуу интернетти жеткирүүгө шарт түзүлдү.

Жолдордун кепилдик мөөнөтү дээрлик эки эсеге узартылды

Жаңы курулуп жаткан жолдордун жарактуулук мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды. Жол колдонууга берилгенден баштап 5 жыл ичинде бузулса, жумушту аткарган компания өз эсебинен жолду кайра оңдоп берүүгө милдеттүү. Мурда бул мөөнөт 1-3 жыл гана болчу. Алардын эсебиндеги белгилүү өлчөмдөгү акча күрөөдө болот.

Менчик мектептерди салыктан бошотулду

Менчик мектептерди салыктын бир нече түрүнөн бошотуу тууралуу мыйзам кабыл алынгандан кийинки 3 жылдын ичинде өлкө боюнча 100дөн ашуун жеке менчик мектептер ачылды. Болжол менен 3 миңден ашык жумушчу орундар түзүлүп, мамлекеттик мектептерде кеминде 5 миңден ашык орун бошоду. Жеке менчик мектептердин көбөйүшү атаандаштыкты жаратып, билим берүү тармагынын алдыга жылышын камсыздайт.

Азыр аскерге барган бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТ сертификаттары 3 жылга чейин жарамдуу

Биз аскерге барган жаштарды шыктандыруу максатында ушундай демилге менен чыкканбыз. Азыр алар окууга артыкчылык менен кабыл алынат.

“Таза аба” долбоору

Биз бул багытта эки мыйзам долбоорун демилгелегенбиз. Бирөөсү кабыл алынды. Мындан ары Кыргызстанда өндүрүлгөн же ташылып келинген электромобилдерди, алардын жабдыктарын салыктын айрым түрлөрүнөн бошотуу каралган. Буга кошумча автоунааларды техникалык кароодон өткөргөн диагностикалык борборлор иш-милдеттерин талаптагыдай так аткарышы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу демилгеленген.

Алга «Ата Мекен» — №6!

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

Чыгарылган күнү: 27.09.2020

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram