Республика аймагында “Издөө” аталышындагы мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясы жүргүзүлдү

26.09.2020

Кызматташтыкты бекемдөө максатында жана КМШнын ички иштер
министрликтеринин 2019-жылдан 2023-жылга чейин кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү бирдиктүү чаралардын мамлекеттер аралык планына ылайык, 2020-жылдын 16-17-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын аймагында “Издөө” аталышындагы мамлекеттер аралык ыкчам алдын алуу операциясы жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган операциянын негизги тапшырмаларына тергөөдөн, соттон жашырынып жүргөн, анын ичинен КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин (полиция) демилгеси боюнча жашырынып жүргөндөрдү издөө жана кармоо, дайынсыз жоголгондорду аныктоо, өздүгү такталбай калган өлүктөрдү идентификациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү кирет.
  Операцияга ички иштер органдарынын 3000 ашык кызматкерлери тартылды. Издөө топтору тарабынан издөөгө алынган кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн жерлери текшерилип,  дайынсыз жоголгондордун кайда жүргөндүгүн, өздүгү такталбаган өлүктөрдүн ким экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн92 адам, анын ичинен оор кылмыштар үчүн кармалган. Алардын ичинен ден соолукка атайылап зыян келтирүү-7, каракчылык-3, зордуктоо-3, тоноо-4, башка кылмыштар үчүн-75 адам кармалды.
Ошондой эле,  мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 62 кылмышкер кармалды. Дайынсыз жоголгон 40 адамдын кайда жүргөндүгү, белгисиз  6 өлүктүн өздүгү такталды. Республика боюнча мамлекеттер аралык ыкчам-алдын алуу операциясынын
натыйжасында 189 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен  киши өлтүрүү-1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү-1, каракчылык-1, зордуктоо-1, тоноо-14 жана башка кылмыштар-171.
     Андан сырткары, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактооган 2 факты (2 бирдик ок атуучу курал менен октор, колго жасалган кастет)  аныкталды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram