«Ата Мекен» №6 Сөз эркиндиги тууралуу келишимге кол койду

26.09.2020

24-сентябрда медиа сектордун өкүлдөрү менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого ат салышкан саясий партиялар ортосунда жолугушуу болду.

Иш чаранын демилгечилери саясий партияларга Сөз эркиндиги тууралуу келишимди, аны менен катар медиа чөйрөгө, демократия жана адам укуктары багытында реформа жүргүзүү, өзгөртүү сунуштарын маалымдашты. Ошондой эле медиа чөйрөнүн көйгөйлөрү, аларды чечүү жолдору айтылды.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы аталган келишимге кол койду. Мындай кадам менен атамекенчилер Сөз эркиндиги тууралуу келишимдин идеаларын колдой турганын айгинелешти. Партия талапкерлеринен Наталья Никитенко, Эльвира Сурабалдиева жана Жибек Жарапова бул иш чарага катышышты.

Иш чаранын алкагында депутат Наталья Никитенко сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө, сөз эркиндигине байланышкан маселелер демократиялык баалуулуктардын ажырагыс бөлүгү катары, болуп көрбөгөндөй актуалдуу экенин белгиледи.

 «Мен 27 жылдык тарыхы бар “Ата Мекен” партиясынын өкүлү катары, бул кадам биз үчүн жөн гана келишимге кол коюу эмес экенин айткым келет. Биз үчүн – бул адам укуктары, адилеттүүлүк үчүн күрөштүн идеологиясы. Биздин өлкөдө эки революция болду, булардын негизги себептеринин бири – адамдардын конституциялык укуктарынын тебелениши, сөз айттырбай оозун басуу аракети болгон. Бул жерде биздин партия менен кызматташкан көп журналисттер, ЖМК өкүлдөрү отурушат. Биз биргеликте сөз эркиндигин коргоо механизмин иштеп чыгып, сунушталып жаткан чектөөлөрдү киргизбешибиз керек», – деп белгиледи Наталья Никитенко.  

Ошону менен катар, соз эркиндиги “Ата Мекен” партиясынын программасынын алгылыктуу багыттарынын бири экенин кошумчалады.

 «Биздин партия сөз эркиндиги тууралуу куру кыйкырык кылган жок. Биз адам укуктарына байланышкан, бүгүнкү меморандумга үндөш өтө маанилүү пункттарды программабызга киргиздик. Биринчиден, сөз эркиндигин басмырлоочу иш-аракеттерди токтотуу. Бул бир гана ЖМКга эмес, мыйзам эч кандай чектөө койбогон интернет ресурстарга дагы тиешелүү. Экинчиден, өз пикирин билдирген жарандарга респрессивдик куугунтуктардын бардык түрүн – анын ичинде интернет дагы бар – токтотуу. Биз бул жарандарды коргоп алабыз. Бул “Ата Мекен” партиясынын системалуу багыттарынын бири», – дейт Никитенко.

Ошондой эле “Ата Мекен” мындай саясатын улантаарын билдирди.

«Пандемия учурунда массалык маалымат каражаттары чоң соккуга кабылышты. ЖМК ассоциациясы биз аркылуу өкмөткө кайрылышты. Биз бул маселени кризиске каршы пландын бир бөлүмүндө, маалымат каражаттарына өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү тууралуу жазылган өкмөттүн отурумуна алып чыктык. Жооп болгон жок. Бийлик бул маселени чечүүгө кызыкдар эмес экендигин билдирип койду. Биз болсо улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо боюнча рационалдуу саясат болуусу керек деп эсептейбиз. Сөз эркиндигин коргоп калууга күч-аракетибизди жумшайбыз», – деп жыйынтыктады Наталья Никитенко.

4-октябрда шайлоо участкасына келип, “Ата Мекен” №6 партиясы үчүн добуш бериңиз. Биз Кыргызстандын жаңы демин ачабыз.

Чыгарылган күнү: 26.09.2020

“Ата Мекен” саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram