Боронов: “Баткенде абал начар…”

23.09.2020

Кубатбек Боронов эпидемиологиялык  кырдаал боюнча мааылмат берди.

Дүйнөдө: бул илдетке 31,3 млн адам чалдыкты, 21,5 млн адам айыкты, 965 миң адам каза болду.  Айрым мамлекеттерде кайрадан ооруга чалдыккандардын саны көбөйө баштагандыгы айтылып жатат. Бизде азырынча кудай сактасын, абал туруктуу. 

23-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирустун 45 630 учуру катталды, а.и.: 41 904 жаран оорудан айыкты, 1063 адам каза болду. Бирок өткөн жумадагы сандарды карап  көрсөк, 47 адамдан 91 адамга чейин жаңы учур катталды. Аймактар боюнча жаңы учурлардын катталышын карап көрсөк, Баткенде абал начар, Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда ооруга чалдыккандар көбүрөөк болууда. 

23-сентябрга карата 539 адам стационарда дарыланып жатат, 1677 адам амбулатордук дарыланууда. Ошондуктан дагы да болсо баарыңыздарды санитардык-эпидемиялык эрежелерди сактап, социалдык дистанцияны кармоого чакырам.

Сасык тумоодон же грипптен жана Covid-19 оорунун күчөп, оор абалга туш келген учурларын басаңдатуу максатында Өкмөт эл ичинде төмөнкүдөй алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

Биринчиден, эл ичинде профилактикалык эмдөө иштерин жүргүзүү боюнча План иштелип чыгып, график түзүлгөн. Кадимки  сасык тумоо, курч респиратордук вирустук ооруларга каршы вакциналарды сатып алуу иштери 3 этапка бөлүнгөн: 1-этап: 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин 119 643 доза вакцина сатып алынып келди. Бүт райондорго бөлүштүрүлүп жөнөтүлдү. Эмдөө иштери башталды. 1-этаптын вакциналарынын каражаттары республикалык бюджеттен мурда эле каралып, бөлүнгөн.

2-этап: 715 миң доза вакцина сатып алуу үчүн жарыяланган тендердин документтери 21-сентябрда ачылды. Буюрса, октябрдын башында келет. Октябрь-ноябрь ичи эмдөө иштери жүрөт. 2-этапта сатылып алынуучу вакциналардын каражаты  республикалык бюджеттин эсебинен бөлүндү.

3-этап: 1-ноябрга чейин 70 миң доза гриппке каршы вакцина ЮНИСЕФтин гранттык каражаттарынын эсебинен сатылып алынат. Эмдөө иштери, буюрса, ноябрдын аягында бүткөрүлөт. 

Эмдөө иштеринде: биринчиден – тобокел топтору: сасык тумоо менен көп ооруган балдар, медкызматкерлер, 65 жаштан ашкан улгайган кишилер эмделет; экинчиден – Социалдык өнүктүрүү министрлигинин  тизмесинде катталган калктын социалдык аярлуу катмары: ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, балдар,   аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эмделет. 

Республиканын бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт. Муктаждыгына жараша мобилдик группалар ишке тартылат.

Мындан тышкары эгерде тийиштүү шарттары бар болсо, айрым жеке саламаттык сактоо уюмдарына эмдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берип жатабыз: Бишкекте 10 жеке медициналык борборго; Ошто 6 жеке медициналык борборго; Жалал-Абад, Баткен, Таласка – Цадмир жеке медборбордун филиалына, Нарынга Бонецкий лабораториясынын филиалына уруксаттар берилди.

Булардан тышкары саламаттык сактоо уюмдарынын курулуш иштеринин бардыгы активдүү фазада жүрүп жатат. Бүткөнүнө жараша ооруканалар  тиешелүү медициналык жабдуулар, аппараттар, эмеректер менен жабдылып жатат.

Жеке коргонуучу каражаттардын запасы толукталууда, көлөмү боюнча күнүгө маалыматтар алынып турат. Дары-дармектердин абдан көп керек болорун билдик, ошондуктан ар күнү аларга мониторинг жүргүзүлүп жатат. Дарыгерлердин жетишсиздигин, айрыкча пульмонолог, инфекционист врачтар, капельница куюучу мед сестралар кыска курстардан окутулуп, кайрадан даярдыктардан өткөрүлүүдө.

Урматтуу мекендештер!

Башкысы – баарыбыз коронавирус кандай оору экендигин башыбыздан өткөрдүк, симптомдорун билдик, дарылоо протоколдору такталды, дарылоону эмнеден баштоо керектигин үйрөндүк.

Баарыбыз социалдык дистанция, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо, өзүн-өзү изоляциялоо керектиги өтө маанилүү экендигин эсибизден чыгарбайлы!

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram