Талаада калган кыргыз жарандар мекенине келишет

23.09.2020

Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктарды эртең мекенине алып келет. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыр дипломаттар Башкырстанда калган кыргыздарды Соль-Илецк шаарына ташып келүүдө.

Чек арадан өткөндөн кийин алар автобус менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилет. Өтө көп адам топтолгондуктан биринчи топ 24-сентябрда, экинчиси 25-сентябрда алып келинет.

ТИМ мигранттарга орус-казак чек арасы жабык экенин жана шылуундарга ишенип жолго чыкпоону өтүнөт.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram