Бишкекте кайрадан стационарлар ачылууда…

23.09.2020

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев эпидемиологиялык абал менен таанышуу жана күндүзгү стационарлардын даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда керебеттер даярдалгандыгы мааылым болду.

  • 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 5 керебет;
  • №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет;
  • №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №13 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 4 керебет;
  • №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 2 керебет.

Мындан сырткары, №8, 10, 11 стационарлардын базасында дагы 7 орун даяр турат.

Дагы 28 керебет жаңы конуштардагы бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна даярдалууда. Алар:

  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ашар көчөсү) – 14 керебет;
  • Ак-Өргө жаңы конушу (Ай көчөсү) – 7 керебет;
  • Ак-Ордо жаңы конушу — 7 керебет.

COVID-19 кайрадан күч алып кетсе, райондогу бардык бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорун күндүзгү стационарга айландыруу пландалууда.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram