Бишкекте 13 жашар кыз менен түн өткөргөн жаран соттолду

17.09.2020

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чет элдик М.В. аттуу жаранга карата чечим чгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылды.

17-февральда  21 жаштагы чет элдик жаран Бишкектеги батиринде 13 жаштагы кыз менен жаныстык катнашта болгон.

Соттук-медициналык экспертизанын жана соттук –биологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу кыз  кыздык пардасынын бүтүндүгүн бузган эмес, бирок эркектин жыныс мүчөсүнүн иш-аракетинен улам пайда боло турган, кыздыктын калыңдыгына кан куюлган. Мындан тышкары, тампондо жана кыздын жыныс органдарында сперма клеткалары табылган.

Буга байланыштуу, чет элдик жаранга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси “Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” боюнча айып тагылды.

Жабырлануучунун айтымында, ал ошол күнү “Айданек” баш калкалоочу жайынан качып, соттолуучуга конокко келген. Ал үйүндө жалгыз болгон. Алар чай ичип, кино көрүп, TikTok үчүн видео тартышкан. Түшкү саат экилер чамасында алар уктоочу бөлмөгө кирип, ал жерде кучакташып өбүшүп, кийин жыныстык катнашта болушкан. Андан кийин жабырлануучу Кант шаарына кеткен.

Жабырлануучунун апасынын айтымында, жабырлануучу менен айыпталуучу мамиледе болгон. Аял милицияга арыз жазып, кызынын сөздөрүнө шилтеме жасаган. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин жабырлануучу, айыпталуучу экөөнүн  ортосунда  эч нерсе болбогонун моюндаган. Айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алган жок. Жабрылануучу экөө өбүшкөнүн жана кучакташканын бирок жыныстык катнаш болгон эмес деп ырастоодо.Чет элдик жаран соттон акыйкат чечим чыгарууну суранды.

Айыпталуучу М.В. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164 беренеси “Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттер” менен айпталып, 8 жылга эркинен ажыратылды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар