Шайлоо-2020. Алгачкы кылмыш иши козголду

17.09.2020

Чүй облустук прокуратурасы добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козгоду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Мааалыматка караганда, милицияга Новопакровка айылындагы шайлоо тилкесине белгисиз жарандар № 2 форманы толтуруп жатканы кабарланган. Факт бирдиктүү реестрде «добуш сатып алуу» беренеси меен катталды.

Чүй облусунда 406 шайлоо тилкеси бар.

Белгилей кетсек, шайлоо алдында № 2 форма менен добуш берүүнү каалагандардын саны көбөйдү. № 2 форма менен шайлоочу башка тилкеден, катталбаган жеринен тизмеге туруп добуш бере алат.

Массалык маалымат каражаттарында, айрым талапкерлер өзүнө тиешелүү тилкеден добуш топтоо үчүн жарандарды шайлоо тилкелерине алып келип каттап жатканы айтылган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар