Шайлоо-2020. Түркия Кыргызстанга 100 миң доллар берди

17.09.2020

Парламенттик шайлоого Түркия Кыргызстанга $100 миң бөлүп берди. Бул тууралуу Түркия элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул каражат шайлоочулардын өздүгүн аныктоочу жабдууларын, автоматтык урна жана мониторлор сатып алуу үчүн бөлүнгөн.

Мындан тышкары Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттигинин (ККТА) колдоосу менен «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу» боюнча эл аралык долбоордун алкагында шайлоо убагында коопсуздук сактоого багытталган тренингге Кыргызстан милициясынын 21 кызматкери катышты.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар