Кара-Кечедеги көчкү түшкөн жол тазаланбайт

16.09.2020

Нарындын Кара-Кече аймагындагы көчкү түшкөн жол тазаланбайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге атайын комиссия барып, жолду көчкүдөн тазалоо мүмкүн эмес экенин аныктаган жана жаңы айланма жол салыш керек деген жыйынтык чыгарган. Жол салуу иштери шаршемби күнү башталды.

Жолдун бир тилкесин курууга 10-12 күн кетет.

14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкөн. Дыйкан айылын Кара-Кече көмүр кенинин «Борбордук» деген тилкеси менен байланыштырып туруучу стратегиялык жол тосулуп калган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар