Молдокматованын уулу менен Цветков кайым айтышты (Фото)

16.09.2020

Ассоль Молокматованын уулу Жан Воинов менен россиялык алып баруучу Артур Цветков кайым айтышышты.

Белгилей кетсек,  Артур Цветков Ассоль Молдокматовага каршы доо арыз менен Москва шаардык сотко кайрылгандыгы жазган эле.

«1 ай мурун Кыргызстандын жараны экөөбүздүн ортобузда болгон түшүнбөстүк боюнча айтсам,  ортобуздагы чыр-чатак жөнгө салынды, кол алыштык. Бирок, тынчтык жолу менен чечилгени айрымдарына туура келген эмес окшойт, тактап айтканда, коомдук ишмер Ассоль жаңжалга башкача өнүгүү берүүнү чечти. Биз москвалык юристтер тобу менен биргеликте шаардык соттордун бирине доо арыз бердик», – деп жазган Артур Цветков.

Буга чейин Цветков ага жана анын үй-бүлөсүнө коркутуулар болуп жаткандыгын жазып, буга  Ассоль Молдокматованы күнөөлөп моралдык чыгым үчүн 1 миллион доллар талап кыларын билдирген эле.

Жан Воинов Цветковго “Эч кимге керегиң жок болуп калган ушундай турбайбы, Сени көрүп бооруп ооруп жатат” десе, Цветков “Өзүңө жана сени ар кандай жаман окуялардан актап чыгарып кеткендерге бооруң оорусун. Баарына огуң жетпей калышы мүмкүн”,-деп жазды.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар