Мурдагы министр кармалды

15.09.2020

15-сентябрда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда кылган “шалаакылыгы жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланды” деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Финпол Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата “шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле “элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөнү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген” деп жазылган.

Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар