Бишкектин тургуну мурдагы аялым мени сабады деп арыз жазган

15.09.2020

Бишкекте мурдагы күйөөсүн сабады деп күүнөлөнгөн аял боюнча Биринчи райондук соту чечим чыгарды. Ал “Үй-бүлөдөгү зомбулук” беренеси менен айыпталып 40 саатка коомдук иштерге тартылмай болду.

2020-жылдын 28-апрелинде жабырлануучу балдарынан кабар алуу үчүн азык-түлүк көтөрүп алып мурдагы аялынын үйүнө келген. Жабырлануучунун өзүнүн айтымында, ал келгенде дарбаза ачык болуп, мурдагы аялы жок болгон. Балдар көчөдө ойноп жаткандыктан ал баласына момпосуй берип жатканда аялы мас абалында келип,сабап салгандан кийин мурдагы аялынын үстүнөн арыз жазган.

Айыптулуучунун айтымында, ал дүкөндөн үйүнө келсе, мурдагы күйөөсү дарбазадан ашып түшүп кызын көтөрүп алып белгисиз жакка жөнөгөндүктөн, кызымды уурдап бара жатат деп коркуп кетип кызын күйөөсүнүн колунан алам дегенде ал чаап жиберген. Ал өзүн коргойм деп күйөөсүнүн бетин тытып салган.

Айыпталуучу өзүн күнөөлүү эмес экендигин билдирип, соттон аны актоону суранган.

fakt.kg


Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар