БШК Иса Өмүркуловду талапкерлердин тизмесинен чыгаруудан баш тартты…

15.09.2020

2020-жылдын 14-сентябрында өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “КСДП” саясий партиясынын төрагасы С.У.Абдрахмановдун “Мекеним Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Социал-демократтар” саясий партияларын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) башка саясий партиянын мүчөсү болгон талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө мыйзам бузууларды четтетүүнү милдеттендирүүнү суранган билдирүүсүн карады.

Берилген арызды негиздеп, ал “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (мындан ары – КСДП) мүчөлөрү Өмүркулов И.Ш., Рыспаев К.Ж. жана Молдобекова Г.С., “Ата Мекен” Социалисттик партиясынын талапкерлеринин тизмесинде Сурабалдиева Э.Ж. киргендигин белгилеген. Бул талапкерлердин КСДПнын мүчөсү экендигин далилдөө үчүн, арыз ээси бул жарандар учурда КСДПдан КРнын ЖКнин депутаттары, КСДПнын парламенттик фракциясынын мүчөлөрү, ал эми И.Ш.Өмүркулов КСДП фракциясынын лидери болуп саналат экендигин белгилеген. Бул адамдар арыз берген учурда, алар КСДПнын төрагасына мүчөлүктөн чыгуу боюнча эч кандай арыз беришкен эмес, ошондой эле КСДП парламенттик фракциясынан чыккандыгын жана И.Ш.Өмүркулов фракциянын лидерлигинен баш тартуу жөнүндө жарыялашкан эмес. Ошондой эле, арыз ээси “Социал-демократтар” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинде КСДПнын мүчөлөрү А.А.Артыков, Н.А.Касымбеков бар экендигин көрсөткөн.

Арыз ээси “Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны бир гана саясий партиянын мүчөсү боло алат деп эсептейт. Буга байланыштуу, С.У. Абдрахманов анын пикири боюнча, “Мекеним Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Социал-демократтар” саясий партияларын кетирилген мыйзам бузууларды оңдоону, ал эми оңдолбогон учурда – И.Ш.Өмүркулов, Э.Ж.Сурабалдиева, К.Ж.Рыспаев, Г.С. Молдобекова, А.А. Артыков, Н.А. Касымбековторду “Мекеним Кыргызстан”, “Ата Мекен” жана “Социал-демократтар” саясий партияларынын талапкерлеринин тизмесинен чыгарууну милдеттендирүүнү суранат.

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ, берилген документтерди изилдеп чыгып, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, КСДП саясий партиясынын төрагасынын билдирүүсүн төмөнкү негиздер боюнча канааттандырууга болбойт деп эсептейт.

“Саясий партиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары – конституциялык Мыйзам) бир гана саясий партиянын мүчөсү боло алат. Бирок, арыз ээси И.Ш.Өмүркулов, Э.Ж. Сурабалдиева, К.Ж.Рыспаев, Г.С. Молдобекова, А.А.Артыков, Н.А.Касымбековдор бир эле учурда бир нече саясий партиялардын мүчөсү экендигин тастыктаган далилдерди тапшырган эмес.

Конституциялык Мыйзамда саясий партиялар тарабынан башка саясий партиялардын мүчөсү болгон адамдардын талапкер катары көрсөтүлүшүнө чектөөлөр камтылбайт.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, талапкерлердин бирден ашык тизмесине бир адамды каттоого жол берилбейт.

С.У.Абдрахмановдун билдирүүсүндө айтылгандардын ар бири “Мекеним Кыргызстан”, “Ата-Мекен”, “Социал-демократтар” саясий партияларынын бир гана тизмесинде талапкер иретинде катталган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы С.У.Абдрахмановдун арызын канааттандыруудан баш тартууну сунуш кылды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын төрагасы С.У.Абдрахмановдун билдирүүсүн четке кагуу жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар