Дастан Жумабековдун 50 миң берген сүрөттөрү эмнеге өчүрүлдү…

15.09.2020

БШК  “Кыргызстан” саясий партиясына эскертүү берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-сентябрда партиянын жарнагына даттанган жарандын арызын карады.

Үгүт эрежесине ылайык, плакатта балдардын жана өспүрүмдөрдүн сүрөтүн колдонууга тыюу салынгандыктан, Балага сүйүнчү жарнамасы мыйзамсыз деп табылып, ал көрнөк-жарнактарды алып салуу милдеттендирилди.

Социалдык тармакта “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланган эле, бирок көп убакыт өтпөй сүрөттөр өчүрүлдү.

белгилей кетсек, мыйзам боюнча талапкер кайрымдуулук иштери менен алектенбеши керек. Талапкердин мындай кадамы добуш сатып алууга тете болуп калат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар