Дагестанда 23 жаштагы кыз өзүнүн үлпөт тоюнда каза болду

10.09.2020

Дагестанда 23 жаштагы кыз өзүнүн үлпөт тоюнда жүрөгү кармап каза болуп калды. Бул тууралуу Россиянын маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, маркум кыз бала кезинен чоң энесине жүрөгү ооруп жаткандыгын айтып жүргөн. Ата-энеси каза болуп калышкан. Ал той күнү толкундангандыктан өзүн жаман сезип дары ичкен. Бирок абалы өзгөрбөй, “Тез жардам”  чакыртылып, ооруканага жаткырылган. Бирок дарыгерлер кызга жардам бере алышпай, ал тою күнү каза болду.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram