Александр Лукашенкого “издөө жарыяланды”

04.09.2020

Беларусиянын Ички иштер министрлигинин сайтына хакердик чабуул болуп, Президент Александар Лукашенкго издөө жарыяланды.

Белгисиз адамдар аталган министрликтин сайтына кирип Александр Лукашенко менен ички иштер министри Юрий Караевди издөө жарыялангандардын катарына жайгаштырышкан. Андан кийин сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген.

Лукашенко менен Караев «Беларусия элине каршы аскерий кылмыштарга» айыпталып жатканы айтылган. Ошондой эле Лукашенкого «бийликти узурпация кылган» деп дагы айып тагылган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар