Казакстанда чиновниктердин саны кыскарат

01.09.2020

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттик түзүүнү сунуштады. 

Казак президенти 1-сентярда парламентте элге кайрылуу жолдоп жатып, бул органды «реформалар боюнча жогорку президенттик кеңеш» деп атап, ал түзмө-түз өзүнө баш ийерин билдирди. Токаевдин айтымында, агенттиктин курамына Статистика комитети кириши керек.

Ал мындан тышкары түзмө-түз президентке баш ийген атаандаштыкты коргоо боюнча агенттик түзүүнү да демилгеледи.

Бул арада Токаев мамлекеттик кызматкерлердин санын быйыл 10%, келерки жылы 15% кыскартууну сунуштады. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт.

Токаев жыл аягына чейин министрликтердеги жооптуу катчылар институтун жоюу зарылдыгын белгиледи. Бул кызмат 2007-жылы мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда пайда болгон. Өкмөт отставкага кетсе да катчылардын ыйгарым укуктары токтотулган эмес.

— Бул институтту киргизген кезде жооптуу катчылар алмаштырылгыс болсо, министрлер административдик-кадрдык жумуштан бошоп, аппараттын туруктуулугу камсыз болот дегенбиз. Бирок андай болгон жок. Министрлер менен жооптуу катчылар арасында пикир келишпестиктер болду. Анын кесепети жалпыбызга тийди, — деди ал.

Токаев өлкө мамлекеттик башкаруунун «жаңы моделине» муктаж экенин айтты.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар