Кыргызстандан Россияга учуучу каттамдардын тизмеси

20.08.2020

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги жарандарын алып кетүү үчүн Россияга уюштурула турган аба каттамдардын графигин жарыялады. Алардын айрымдарынын сааты тактала элек.

Каттамдар:

— 20-августта Ош–Москва каттамы (саат 6:30, «Аэрофлот»);

— 22-августта Бишкек–Санкт-Петербург (07:35, «Урал авиалиниялары»);

— 22-августта Ош–Санкт-Петербург (21:55 «Урал авиалиниялары»);

— 23-августта Бишкек–Москва (16:20, «Аэрофлот»);

— 23-августта Бишкек–Новосибирск;

— 24-августта Ош–Екатеринбург (05:05, «Урал авиалиниялары»);

— 26-августа Бишкек–Екатеринбург,  (5:00 «Урал авиалиниялары»);

— 29-августта Бишкек–Санкт-Петербург ( 07:35, «Урал авиалиниялары»);

— 29-августта Ош–Санкт-Петербург (21:55, «Урал авиалиниялары»);

— 30-августта Бишкек–Москва (16:20, «Аэрофлот»);

— 31-августта Ош–Екатеринбург (05:05, «Урал авиалиниялары»).

Кимдер уча алат?

Бул каттамдар менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталындагы рейске катталган Россиянын жарандары гана.

Уча турчу жүргүнчүлөрдүн тизмесине кирген кыргызстандыктар — ата-энелери, балдары жана жубайлары Россиянын жараны болгондор, убактылуу жашоого уруксаты барлар, медициналык мекемелер чакырып жаткандар жана оорулуу туугандарын карайм дегендер. Алар учарга үч күн калганда Бонецкий лабораториясына анализ тапшырышы керек. Башка жактардыкы алынбайт. Ошондой эле тесттердин жыйынтыгынын жасалма эместиги текшерилет.

Эскерте кетүүчү нерсе, чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө чаралары Орусияда улантылууда. Ушуга байланыштуу, азыркы учурда Кыргызстандын жарандары Россиянын аймагына олуттуу себептерсиз кире албайт.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram