Сооронбай Жээнбеков судьялар боюнча жарлыкка кол койду

11.08.2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков айрым жергиликтүү сотторду которуу (ротациялоо) жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча, ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө андан ары судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Абылакимов Абдимиталип Абдибалиевич Жалал-Абад облустук сотунан Баткен облустук сотуна, Жороев Султангазы Золотунович Баткен облустук сотунан Жалал-Абад облустук сотуна которулду.

Буга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мындай ротациялоо процедурасы эки тараптын тең судьяларынын макулдугу менен ишке ашырылат.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар