Кыргыз жарандары Россияга барса болобу? Элчиликтин жообу

11.08.2020


Кыргызстандын Россиянын аймагына олуттуу себеби жок кирүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө чаралары  Россия  Федерациясынын аймагында улантылууда. Ушуга байланыштуу, учурда Россиянын аймагына Кыргызстандан кирүүгө олуттуу негизи жок жарандар үчүн мүмкүн эмес.

Элчиликтин белгилешинче, 20-марттан 10-августка чейин аба каттамдары убактылуу токтотулуп , Россиядан Кыргызстанга 21 аймактан 26 миң 685 жаран кайтып келген. 102 рейс жүргүзүлүп, жарандардын Казакстанга транзиттик 95 автобус менен кетиши уюштурулган.

Азыркы учурда Россия менен Кыргызстандын ортосунда жана Россия менен Казакстан чек арасындагы учуулар жабык экендиги такталды.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар