Путиндин кызы коронавирска каршы вакцина алды

11.08.2020

Россиянын президенти Владимир Путин Орусия дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын айтты. Бул туурасында Lenta.ru  жазды.

Путин  “Дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцина каттоодон өттү. Вакцинанын натыйжалуулугу жакшы  экендигин эмдөөдөн өткөн кызымдан уктум”-деди.

Ошондой эле натыйжалуулугуна карабастан бардык текшерүүлөр жасалышы керектигин белгилеп, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкого тапшырды.

Мурашко вакцина жогорку деңгээлде эффективдүүлүгүн көрсөткөндүгүн белгиледи. Аны биринчилерден болуп Путиндин кызы колдонгону айтылууда. Орусиянын жарандары коронавируска каршы эмдөөнү 2021-жылдын 1-январынан тарта алышары күтүлүүдө.

Буга чейин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Орусияны коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө чыгарууда этият мамиле жасоого чакырган. Август айынын башында өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко вакциналарды клиникалык тестирлөө соңуна жеткенин жана аны массалык түрдө иштеп чыгуу октябрь айында башталарын маалымдаган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар