«Семетей» стационары экинчи толкунга карата даярдалат

11.08.2020

Акыркы бейтаптар чыккандан кийин «Семетей» стационары ишин убактылуу токтотот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Семетей» госпиталында 1 миң 300дөн ашык орун бар. Анын 50сү реанимация катары иштеп жатат. Учурда ал жакта 20дан ашык бейтап калды. Жакында алар айыгып чыкса, «Семетей» стационары консервацияга алынат.

Экинчи толкунга даярдыктар көрүлүп, медициналык жабдыктарды күчтөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар