Ысык-Көлдө дарыгерлер эс алып жатат

11.08.2020

Ысык-Көлдө 500 дарыгер эс алып жатат Учурда касиетүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Эне-Сай” жана “Алтын-Жай” пансионаттарында 500гө жакын дарыгерлер эс алып, ден соолугун чыңдап жатышат. Бул тууралуу “Мамлекеттик объекттерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасынын менеджери Айбек Исаев билдирди.

Күнү-түнү таажы вирус эпидемиясынын очокторунда иштеп, элдин ден соолугу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелчиликке салган “ак халатчандарга” өзгөчө урмат менен мамиле кылып, алардын ден соолугун чыңдоо, турмуш шартына кароо демилгеси Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан көтөрүлгөн болчу. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан каржыланып, дарыгерлерди эс алдыруу демилгесин жүзөгө ашырган мындай иш-чаралар 2020- жылдын 1-июлунан тарта аткарылып жатат жана үзгүлтүксүз улантыла бермекчи.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар