Садыр Жапаровдун адвокаты эртең Мадумаровду “Шывап” чыкпайбы?

07.08.2020

Бу шайлооң түшкүр, көп адамдын көмүскө жүзүн ачып, белгисиздерди белгилүү кылат окшобойбу!?

Мисалы, кечээ Шарабидин Токтосунов деген жаран алдыда күтүлгөн парламенттик шайлоонун шарапаты менен атын чыгарып, өзүн-өзү рекламалоого кыйла далалат кылды. Өзүнүн айтуусуна караганда, Ш.Токтосунов адвокат экен. Азыр камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаров менен 12 жылдан бери иштешип, анын укугун коргоп келиптир. Кийинки кездери кызматына акы да албай, бекер иштеп бериптир. Анан кечээ жакында ошол кызматын колко кылып, С.Жапаровдун “Мекенчил” партиясынан депутат болуп каламбы деген кыялга да жетелене түшкөн окшойт. Тилекке каршы, анын ак кызматын эске алышпай, партия билермандары аны талапкерлер тизмесинин 32-катарына коюп коюшуптур. “Эмнеге мындай?” деп кайрылса, Садыр Жапаровдун аялы Айгул: “ Сиздин акчаңыз жок да. Алдынкы тизмеге акчалуулар кирип жатат” деп жооп берет. Бу жоопту угуп, башка чапкандай болгон Шарабидин мырза ошол замат ат башын буруп, Адахан Мадумаровго келет. Кудай жалгап, аны Адахан Мадумаров кучак жайып тосуп алып, өзүнүн “Бутун Кыргызстан” партиясынын тизмесине 1ден 15- катарга чейин киргизерин айтыптыр. Таңгалыштуусу, анысы үчүн адвокаттан 1 сом акча да сурабаптыр… Ш.Токтосунов “Кыргыз элим!” деп жалпы журтка кайрылып, ушунун баарын саймедиреп “Фейсбукка” жазып чыкты. Бирок, анын бул жоругу көпчүлүктө бир топ суроолорду жаратты. Саясий партиянын белгилүү бир идеологиясы, программасы болот. Аң-сезимдүү жаран ошонусуна карап партияга кирет. Анан анысы менен чатагы жок эле алдынкы катардан орун берсе, туш келген партия болумушка кирип кете бергени кандай? Бул кандай юрист? Негизи эл Токтосуновду Садыр Жапаровдун арты менен тааныды да же андай эмеспи? Тизменин биринчи ондугуна кирчүдөй эмгек сиңирип койду беле? Анан да күйөөсү ак жеринен абакта калып, оор күндөрдү баштан откоруп аткан аял киши менен жекече сүйлөшкөнүн жалпы журтка жарыя айтып чыгуу кайсы этикага жатат? Деги ал эркекчиликке туура келеби? Эми А.Мадумаров менен азырынча оозеки эле сүйлөшүптүр. Али партиянын талапкерлеринин тизмеси тактала элек. Такташа келгенде, Шарабидин мырза эми 33-катарга түшүп калса эмне болот. Дагы да “Мадумаров менин ак ниетимди баалабады, акмак экен” деп “Фейсбукка” жазып чыгабы? Мындан тышкары, Ш.Токтосунов мырза: “Эгер депутат болуп калсам, Садыр Жапаровду камактан чыгарат элем” дегенди кыйытат. Эмне, Жогорку Кеңештин депутатында камактагы жарандарды актап, эркиндикке чыгара турган укук барбы?

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар