Курсан Асанов Атамбаев берген кызыл баштык боюнча жооп берди…

07.08.2020

Бүгүн, 4-августта Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго каршы козголгон кылмыш иштери боюнча соттук отрум уланды.

 Айыпталуучу Курсан Асанов Кой-Таштагы окуядагы кызыл баштыктын ичинде эмне болгондугун Алмазбек Атамбаевден сураш керектигин билдирди.

«Мага Атамбаев берген баштыктын ичинде эмне бар экендигин билбейм, аны Алмазбек Атамбаевден сураш керек. Баштыкты СОБРдын кызматкери алып кийинчерээк Кундуз Жолдубаевага берген. Жолдубаева ИИМге өткөрүп берген. Мен ал жакка кан төгүлбөсүн деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барганмын»,-деп билдирди Асанов.

Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана коюлган айыптардын бардыгы негизсиз экенин айтып келет. 

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар