Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери улантылууда

05.08.2020

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу иш чараларын жүргүзүшүп келишүүдө.

Жайыл районунун ИИБдүн кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукту алдын алуу ошондой эле коронавирус илдетинин жайылуусуна жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Милиция кызматкерлери коомдук жайларда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, анын ичинде ар бир жаран саламаттыгына көңүл буруу зарылдыгы эскертилип, медициналык бет каптарды тагынуу жана эл топтолгон жайларда аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилүүдө. Уюштурулган алдын алуу иш-чаралардын учурунда Жайыл районунун аймагында бир катар кылмыштардын бети ачылган.

Жогорудагыдай эле иш-чаралар Сокулук районунда да уюштурулуп, район аймагындагы айылдарда, жаңы конуштарда, коомдук жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө, жеке буюмдарга, үй мүлктөрүнө сак болуунун жөнөкөй эрежелери эскертилди. Андан сырткары учурда дүйнөдө жайылып жаткан жугуштуу илдеттен сактануу багытында, саламаттыкка көңүл буруу, корновирус инфекциясынан коргонуу боюнча талаптарды так аткаруу зарылдыгы эскертилүүдө.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар