Өспүрүм кызга нике кыйган 78 жаштагы имам соттолду

05.08.2020

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 78 жаштагы имам менен 26 жаштагы жаран Нике курагы жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн соттолду.  Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Тергөө аныктагандай, 2019-жылдын 13-июнунда 26 жаштагы жаран өспүрүм кыз менен никеге туруу үчүн жергиликтүү имамга барышкан. Кыздын апасы Бишкек шаарында болгон.

Имамдын айтымында, ал кыздын никеге турууга жашы жете электигин билген эмес. Жигит паспортту көрсөтпөй эле ал 18 жашта экендигин айткан.

Кыздын апасынын айтымында, кызы апасына айтпай эле оз алдынча турмушка чыгып кеткен. Кийинчерээк апасы Бишкек шаарынан барып, кызынын тоюна катышып кеткен.

Кыздын айтымында, ал оз каалоосу менен турмушка чыккан. Имамга анын жашы жете элек экендигин айтышкан эмес. Азыркы учурда жаш үй-бүлөнүн бир баласы бар.

Өспүрүм кыз менен никеге турган соттолуучу күнөөсүн мойнуна алып, никеге турганда кыздын жашы жете элек экендигин билгенин айткан.

Сот нике кыйган 78 жаштагы имамды дагы, никеге турган 26 жаштагы жаранды дагы күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыратты. Аларга 1 жылдык  пробациалык көзмөл колдонулуп жазадан бошотулушту.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram