Быйыл мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийишпейт

05.08.2020

Быйылкы окуу жылында окуучуларга бирдиктүү форма кийүү талабы коюлбайт. билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

«Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык билим берүү уюмдарында окуучулардын бирдиктүү мектеп формаларын талап кылбоо чечими кабыл алынды. Тиешелүү буйрукка кол коюлуп, региондорго жөнөтүлдү», — деди Өмүров.

Быйыл мектептерде окутуу процесси онлайн жүргүзүлөт. Бирок 1-класска бара турчу балдарды мектепте окутуу маселеси ушул айдын ичинде толук чечилет.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1110

15400

Акыркы кабарлар