Эртең коомдук транспорттор токтотулбайт

30.07.2020

Кыргызстанда 31-июль күнү Курман айт майрамы белгиленет. Бирок шаардагы коомдук транспорттордун кыймылы токтотулбайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршруттар, автобустар жана троллейбустар иш күндөгүдөй эле эртең менен саат 7.00дөн 10.00гө чейин, кечинде 17.00дөн 21.00гө чейин каттайт.

Эске сала кетсек, Шаардык штабдын чечимине ылайык автобус, троллейбус жана маршруткалар 1-июлдан тартып ишемби, жекшемби күндөрү ишин токтоткон. Ал эми Курман айт майрамы жума күнгө туш келип, Кыргызстанда эс алуу күнү деп жарыяланган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram