Майк Тайсон: “Конордун сазайын бермекмин…”

30.07.2020

Майк Тайсон ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен күч сынашууга даяр экенин билдирди.

Майк Тайсон менен Конор Макгрегордун беттешүү эрежелери бири-бирине дал келбейт.

«Эгерде биз бокстун эрежелери боюнча беттешкенде Конордун сазайын бермекмин», — дейт Майк Тайсон.

Эске сала кетсек, көп жылдык тыныгуудан соң Майк Тайсон профессионалдык рингге кайтары айтылган. Ал дүйнөнүн мурунку чемпиону Рой Джонс менен 2020-жылдын 12-сентябрда күч сынашат. Беттеш Американын Калифорния штатында өтөт.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram