Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө

30.07.2020

Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу максатында Чүй облусунун аймагында бир топ жумуштар аткарылууда. Айта кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жумуштары кызуу жүргүзүлүүдө.

Чүй облусунун Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир нече иштерди алып барышып, жеринде тургундардын көйгөйлөрүн чечүү жана тиешелүү кызматтарга жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө. Чүй районундагы милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан бери 334 жолу район аймактарына чыгып, жер-жерлерде 100 дөн ашуун ар түрдүү кайрылууларды кабыл алышып, алар убагында чечилген. Жарандар көчмө кабылдамага арыз даттануулардан сырткары, юридикалык кеңештерди алышып жана башка көйгөйлүү маселелерин айтышып, тиешелүү кызматтар тарабынан жоопторду алышкан.

Учурда жайкы эс алуу мезгили болгондуктан, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана башка кырсыктарды алдын алуу багытында ата-энелерге жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар