ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов кыргыз элине көңүл айтты…

30.07.2020

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов коронавирус пандемиясынын курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысы Владимир Норов коронавирус инфекциясы пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты.

“Боордош Кыргызстан элинин орду толгус жоготуусунун азасын тең бөлүшүү менен, бул илдет менен күрөшүп жаткандардын толук айыгып кетишине ишеним артабыз. Учурдан пайдаланып, өз ден соолугун жана өмүрүн тобокелге салуу менен бейтаптарды дарылап, кесиптик милдеттерин берилгендик менен аткарып жатышкан дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин өз жандарын аябастан кызмат кылып жаткандыктары менен, сабырдуулуктун, кайраттуулуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп жаткандыктарын белгилеп кетким келет”, – деп айтылат ШКУнун Башкы катчысынын көңүл айтуу телеграммасында. Владимир Норов Кыргызстандын аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын уюшкан аракеттери, ошондой эле жарандык коомдун, ыктыярчылар кыймылынын активдүү ишмердүүлүгү, эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ШКУга катышуучу өлкөлөрдүн дагы колдоосу өлкөдө эпидемиянын жайылышын токтотууга мүмкүндүк берерине ишеним арта тургандыгын билдирди.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар