Түркмөнстан Тажикстанга нааразы болду

29.07.2020

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги “Мир” телеканалындагы аба ырайы тууралуу маалыматка нааразылыгын билдирди.

Сюжетте жакында Тажикстанда күн ысый турганы, буга Түркмөнстан аймагы аркылуу Ирандан келе турган жылуу аба түрткү болору айтылган.

Түркмөнстан ТИМинин сайтындагы билдирүүдө коронавирус жайылып жаткан азыркы кырдаалды эске алганда, тажик журналистинин бул пикири саясий жактан орой экени белгиленген.

Себеби вирус аба аркылуу жугушу ыктымал болгондуктан, аба массаларынын жылышы жөнүндөгү кабар вирус бир өлкөдөн бир өлкөгө аба аркылуу тарашы ыктымал деген шектенүүнү жаратары айтылган.

Түркмөнстан өлкөдө коронавирус бар экенин расмий түрдө мойнуна ала элек.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы жана башка көз карандысыз басылмалар COVID-19дун белгилери менен күн сайын ондогон кишилер кайтыш болуп жатканын кабарлашууда.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар