Дүйнөлүк апаат, медицина тармагындагы ахыбалды көргөздү

28.07.2020


Кыргыздын байлыгы эле сөз эмеспи. Анын сыңары, кыргызда жакшы сөз бар. Шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз, бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз…
Дүйнөдөгү акыркы кырдаал, ар бир өлкөнүн бакылдаганын дагы, шакылдаганын дагы ачык көрсөтүп койду. Кимдин ахыбалы канчага жете алат экендигин даана байкап билип калдык. Маселен, Кыргызстан башынан эки жолу чоң төңкөрүштү өткөрүп, июнь коогасына кабылып, экономика эки жолу чалынып жыгылып, эки жолу тизелеп жатып калган болчу. Коррупционер, ууру кландар, өлкөнү сазга матырып, баткака тыгып, дүнүйөсүн бүтүн тоноп качып кетишкен.
Ошентип башына эки жолку союл тийген экономикабыз эми гана ордунан козголуп келе жатканда, дүйнөлүк апаат келди. Таажывирус деген оору, өлкөнүн экономикасын муунтуп, акча жөнөтүп жаткан мигранттарды өлкөгө кайтарууга мажбур кылды. Статистикага таянсак, марттан бери карай бир эле Оруссиядан Кыргызстанга 19 миңден ашык киши кайтып келген. Жөнөкөй эсепке эле салып көрсөк, 19 миң киши ар бири орточо эсеп менен 20 миң рубльдан жөнөтүп турган болсо, 380 миллион сом болот экен. Демек, бир жылга көбөйтсөк, 1 млрдтан ашык акча келип турчу. Ал эми өлкөнүн ичинде болсо, орто-чакан бизнестин өлбө жаным өлбө деген акыбалга кептелип, соода-сатык кескин азайганы байкалды.
Мына ушундай экономикалык абал менен Кыргызстан тааживирус менен күрөштү. Ооба, катачылыктар бар. Ооба, канча мыкты инсандарыбызды сактап калсак болот эле. Аттиң…
Бирок, ошентсе да, Кыргызстан ооруну жеңип баратат. Элибиздин биримдиги жана чечкиндүүлүгү жеңди ооруну!
Кошунабыз Өзбекстанда абал кандай?
Кошуна өлкөбүз Өбекстанда деле абал жыргатаарлык эмес экен. Ылдам бир оорукана салганы менен чыныгы оорунун күчөгөн учуру катталганда, Өзбекстан айла апасын таппай калды. Эли ооруканаларга батпай, кезек күтүп, дары-дармектердин таңсыктыгы байкалды. Өлкө Азия Өнүктүрүү Банкынан 500 млн доллар, Эл аралык валюта фондунан 350 млн доллар, жардам алганы менен ал каражат медицинага жумшалбай калганы нааразычылык жараткан. Жөнөкөй тэсттер иштебей, элдин канча пайызы ооруп жаткандыгы тууралуу так маалымат жок. Ооруканалар кабыл албай, тез жардам жетишпей калган. Болгону, элди онлайн консультация менен алаксытуу гана болгон. Мындай кырдаалда Өзбек эли Эл аралык валюта фондуна кайрылуу жасашып, Өзбекстан өлкөсүнө эми жардам бербөөсүн өтүнүп, ал акчалар максатсыз колдонулганын айтышкан.
Казак бир туугандарыбызда абал жыргатаарлык эмес
Казакстан вирустун биринчи эле толкунунда бүк түштү. Эл массалык түрдө ооруга кабылып, медициналык коллапс башталды. Нефтинин булагынын башында туруп, дүйнөгө май сатып байыган, бир дагы жолу төңөкүрүшкө кабылбаган, бийлик алмашылбаган, максималдуу түрдө стабилдүү деген казак мамлекети, бул ооруга чыдай алган жок.
Тез жардам унаалары жетишпей, дары-дармек жетишпей, кишилер ооруканага жетпей өтүп кетип жатышты. Ооруу жугузуу тенденциясы башка өлкөлөргө караганда өтө тез жана катаал болду. Атүгүл экс-президент Н.Назарбаев дагы ооруп айыкты. Алар дагы бизге окшоп, белгилүү аалымынан ажырашты. Эл эмне кылаарын билбей калды. Бийлик алсыздыгын көргөздү.

Мына ушунтип дүйнөлүк апаат, өлкөлөрдөгү медицина тармагы кандай ахыбалда экендиги көрсөттү. Эми мындан ары, бийлик дагы, эл дагы медицинага, деги эле ар ким өз ден соолугуна туура жана жоопкерчиликтүү түрдө мамиле кылат деген ойдобуз...

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар