Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси дайындалды

28.07.2020

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп Адилет Малдыбаев дайындалды.
Адилет Малдыбаев буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратын буга чейин Балбак Түлөбаев жетектеп келди. Ал 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар