Марс Сариев: “Азыркы абалда митинг өткөргөн туура эмес…”

13.07.2020

Бүгүн, 13-июль күнү Ала-Тоо аянтында азыркы оор абалга байланыштуу 4- октябярда өтө турган парламенттик шайлоону жылдырып туруу боюнча тынчтык митинги болду. Митингге чыккандарды күч түзүмдөрү кармап кетти. Бул окуяга байланыштуу Fakt.kg саясат таанычу Марс Сариевге кайрылды.

-Азыр өзгөчө кырдаал режиминде митинг кылганга уруксат берилеби же берилбейби. Айрым укук коргоочулар өзгөчө кырдаал убагында митинг кылганга уруксат берилет дешүүдө, Сиздин пикириңиз кандай?

-Митингге өткөргөнгө уруксат алдыбы же алган жокпу мен билбейт экенмин. Маалыматка караганда, митинг баштала электе эле күч түзүмдөрү чыккандарды автобусга салып алып кетишиптир. Менин оюмча өзгөчө кырдаал учурунда, абал курчуп, эпидемия күчөп жатканда митинг өткөргөн туура эмес. Бир аз кое турушса жакшы болмок. Бул саясат аралашып кеткен митинг болуп калышы мүмкүн. Себеби, азыр эпидемия менен алышып жатканда, митинг өткөргөн бул саясат болуп кетип жатат.

-Митингге чыккандардын талабы шайлоону кандайдыр бир убакка жылдыруу болуп жатат. Президент өзү шайлоону жылдыра адабы?

-Мен ойлойм укугу бар болуш керек. Бирок, юридикалык жагынан билбейт экенмин. Митингге чыккан туура эле, шайлоону жылдырыш керек. Азыр шайлоону өткөргөн туура эмес. Эл түшүнбөйт, себеби азыр эл кыйналып акча жетпей, акыбал начар болуп жатат. Бирок, митингди бирөөлөр башка бир максатта колдонуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан азыр митингтерди кое туруш керек.

 -Эгерде шайлоо жылган учурда 4-октябрдан кийин депутаттардын укуктары токтойт. Мыйзам боюнча депутаттар менен кошо Өкмөт дагы тараш керек болуп калат. Ошондо кандай болот?

-Чын эле 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын укуктары бүтөт, булар менен чогуу Өкмөт курамы да тараш керек болот. Мен юрист болбогондон кийин мыйзам жагы кандай болуп калат билбейт экенмин. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери деген Башкы мыйзамда өзүнчө беренелер бар ошого таянып жол тапса болот. Эгер юридикалык жолун таппаса азыр эл түшүнбөйт, эл нааразы болуп бийликке аябай чоң зыян алып келет. Азыр эл башкача ойлойт, кырылып атсак депутаттар жан талашып шайлоого даярданып жатышат деп.

-Кайсыл бир күчтөр ар кандай чакырыктарды кылып, ушундай абалдан пайдаланып митингге түртүп жаткан жокпу?

-Мен ойлойм түртүп жатат, бул элдин ою эмес. Жакында Президент элге кайрылгандан кийин рейтинги түштү деп жатышат. Мына ушундай абалды пайдаланып калыш үчүн мүмкүн башка күчтөр да бар болушу керек. Себеби, азыр элди көтөрүү үчүн өтө ыңгайлуу учур.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар