Клара Сооронкулова: “Шайлоо деп баарыбыз кырылып калабызбы?”

13.07.2020

Бүгүн, 13-июль күнү Ала-Тоо аянтында азыркы оор абалга байланыштуу 4- октябярда өтө турган парламенттик шайлоону жылдырып туруу боюнча тынчтык митинги болду. Митингге чыккандарды күч түзүмдөрү кармап кетти. Бул окуяга байланыштуу  Fakt.kg    Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага кайрылды.

– Клара айым,  “бүгүнкү тынчтык митингине чыккандарды күч түзүмдөрү кармап кеткени мыйзамсыз болду” деп  пикириңизди билдирдиңиз?

-Ооба, кармап кеткендери мыйзамсыз болду. Анткени, митингчилер ооз ача электе эле баса калып, күч колдонуп алдын ала даярдап койгон автобустарына салып кетишти.

-Өзгөчө кырдаал режими учурунда митингге чыкканга мыйзам жол береби?

Мыйзам боюнча жарандык коргонуу штабы бар, алар жөн эле  өзгөчө  кырдаал  режими деп койду. Мыйзам боюнча үч режим бар, күнүмдүк режим, коркунуч пайда болгондо жогорулатылгандай даярдануу, андан соң өзгөчө кырдаал режими. Өзгөчө кырдаал режимин жарандык коргонуу штабы киргизет деп мыйзамда жазылып турат. Анан булар өзгөчө кырдаал режимин киргиздик деп койду. Бирок эки жылдан бери жарандык коргонуу системасы түзүлө элек, штабы да жок. Ошондуктан, булардын өзгөчө кырдаал режими башынан эле мыйзамсыз болгон.

 Бул өзгөчө кырдаал деген өзгөчө абал эмеc. Эгерде, бүт аймактарда өзгөчө абал болсо Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилет.  Ал эми, айрым аймактарда өзгөчө абал түзүлсө Президент тарабынан киргизилип, Жогорку Кеңеш бекитип берет. Өзгөчө абал учурунда митингтерди, көтөрүлүштөрдү, массалык жыйындарды  өткөрүүгө тыюу салынат. Биз азыр өзгөчө абал режиминде жашап жаткан жокпуз, ошондуктан митингге чыккандар  “өзгөчө абал режимин киргизгиле” деген талап менен чыгышты. Азыр өзгөчө кырдаал режими болгондуктан баардык укуктар сакталып турат, тынчтык жыйынын өткөрүү укугу чектелген эмес, аны уруксаты жок митинг эле каалаган убактысында, каалаган жерде өткөрсө болот, мындай укук конституцияда жазылган.

-Митинге чыккандар шайлоону убактылуу токтотуу же белгисиз бир убакка жылдыруу талабын коюп жатышат. Шайлоону Президент өзү жылдырганга укугу барбы?

Өзгөчө абал режимин киргизгенде гана шайлоо убактысы жылдырылат. Анткени, мыйзамда өзгөчө абал режими учурунда шайлоо өткөргөнгө тыюу салынат деп турат. Митингчилердин талабы өзгөчө абал киргизгиле, анан чектөөңөр март айындагыдай баарын жаап салып акылга сыйбагандай болбосун, ойлонуп, эпидемияга каршы күрөшө турган, пайдасы тийе турган чектөө болсун деп жатышат. Ушунчалык эл жардамга муктаж болуп турганда,  БШК шайлоого миллиард сомдон ашык жумшайбыз дегенинен элдер нааразы болуп баштаганда сумманы 30 % га же болбосо 700 миллион сомго кыскарттык деп айтышты. Азыркы ооруу учурда 700 миллион акча чоң сумма да. Адамдын өмүрүнөн артык эмне бар. Шайлоо деп баарыбыз кырылып калабызбы? Шайлоо башталса үгүт иштери башталат, партия бүт шаарды кыдырат, ооруну таратат.  Бишкек шаарын ооруга берип койдук, оору тараса аймактагыларга эле кыйын болот. Бул жерде шайлоо керекпи же адамдардын өмүрү керекпи деген кызыкчылыкты коюш керек.

-Эгер, шайлоо жылдырылса 4-октябрда азыркы VI- чакырылыштын депутаттарынын укугу толук токтойбу же иштей берсе болобу?

Конституцияда жаңы чакырылыштын депутаттары шайланып биринчи жыйынга келгенде азыркы депутаттардын ыйгарым укугу токтойт деп жазылган. Бирок, башка дагы мыйзамда 5 жылга чейин деген берене бар. Беш жыл бүткөн соң VI-чакырылыштын депутаттары отура бериши мүмкүн.  Бирок, кийин жаңы чакырылыштын депутаттары келгенде VI-чакырылыштын депутаттарынын иш аракеттери, кабыл алган мыйзамдары, чечимдери мыйзамсыз болуп калат. Эгер, Жогорку Кеңеш тараса, анда Өкмөт дагы тараганга туура келет мыйзам боюнча. Ошондуктан, азыркы митингчилердин  талаптары, азыркы VI- чакырылыштын депутаттары октябрда кетишсин, бирок кеткенде иштей турган убактылуу өкмөттү шайлап коюшсун. Жаңы чакырылыштагы депутаттар келгиче убактылуу өкмөт иштеп турсун деп жатышат.

-Эгер шайлоо жылдырылса, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт кеткенге туура келет. Мындай учурда башкаруу системасында өзгөчө бир баш аламандык пайда болбойбу?

Баш аламандык жаралбайт. Азыркы парламент бир нерсени көзөмөл кылып же бир иш кылган жок. Андай парламенттин барынан жогу жакшы. Эгерде Парламент өкмөттү катуу көзөмөлгө алып, өкмөттөн мыйзамдардын аткарылышын талап кылып турушканда, мына ушундай кырдаалга бүгүн туш болбойт элек.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар