Э. Каптагаев: “Учурда Өлкө үчүн башаламандык өлүмгө тете…”

11.07.2020

Эмилбек Каптагаев фейсбук баракчасына азыркы кырдаал боюнча пикирин билдирди.

Президентке карата чабуул жасап, уюштуруп жаткандар бир ЧЫНДЫКТЫ жакшы түшүнсө дейм… Учурда Өлкө үчүн башаламандык өлүмгө тете… Азыр бирдеме болуп кетсе бир дагы саясий лидермин дегендин, бир дагы саясий партиянын бийлигин жалпы эч ким тааныбайт, моюнга албайт… баш ийбейт… Эч бир киши элдин алдына чыгып толкунду токтото албайт… Андай инсан жок!!! Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков кандай айтсак дагы коомду, мамлекетти консолидация кылуучу жалгыз легитимдүү Институт, башка жок. От менен ойнобойлу, бир колубузду ачуусун бир колубуз менен басып, сабыр кылалы… Алааматтан чыгып кеткенче биримдикти сактайлы. Ар кимдин жооп берчү учуру алдыда… Жараткан ошол күндөргө жеткирсин дейли…

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар