Күндүзгү стационарларда 7 адам каза болду

09.07.2020

Кечээ Бишкекте уюштурулган күндүзгү стационарлар 8 086 бейтапты кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын 6 673ү асма укол жана ийне сайдырып кетсе, 1 349 бейтапка консультация берилген. Ошондой эле 57 адам ооруканага жаткырылган.

Мындан сырткары, кечээ Свердлов районунун стационарларында үч киши каза болуп, жалпы стационарларда каза болгондордун саны жети кишиге жетти.

Борбор калаадагы тогуз борбордо 57 дарыгер, 83 медайым, 17 санитар, ординатор менен ыктыярчылар иштеп жатат. Жеке тараптардын колдоосу менен стационарларга 36 кычкылтек концентратору орнотулган.

Муниципалитет күндүзгү стационарлар саат 8.00дөн 20.00гө чейин иштей турганын эскертип, оорунун жеңил жана орточо түрүнө чалдыккандарды кабыл алып жатканын белгилейт.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар