Канатбек Исаевдин апасы каза болду

05.07.2020

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жаш курагында дүйнө cалды.

Асымбүбү Ташыбаева 1941-жылы, 12-майда Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда туулган. Өмүрүнүн соңуна чейин мугалимдик кесипти аркалап, 50 жылдан ашык физика-математика сабагынан балдарга билим берди.

Асымбүбү Ташыбаева “Баатыр эне” ордени менен сыйланган, эл агартуучунун төш белгисине ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамына татыган. Асымбүбү апанын артында 7 баласы, 23 небереси, 14 чөбөрөсү калды.

Асымбүбү апанын сөөгү 2020-жылдын 6-июлунда саат 10.00до Чүй районунун Кошой (Калиновка) айылында коюлат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram

Fакт TV

1050

14900

Акыркы кабарлар