Асел Кадырбекованын унаасын сүзүп кеткендер соттун чечими менен 1 айга кармалат

30.06.2020

Ырчы Асел Кадырбекованын унаасын сүзүп кеткендер Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгынын күнөөкөрлөрү кароолго алынган.

«Жол кырсыгы ресстрге катталып, «Жол коопсуздук эрежелерин бузуу» айыбы менен иш козголду. Шектүүлөргө ооруканада кароол коюлду. Свердлов райондук сотунун чечими менен алар бир айга Тергөө абагына камалат», — дейт милиция.

Эскерте кетсек, кырсык 26-июнда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде катталды. Ырчы Асел Кадырбекова катуу жаракат алып, учурда комада жатат.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram