Адвокатынын азабынан Атамбаевдин пневмониясы пайда болду

30.06.2020

Бу эч кимди аяй турган түрү жок таажывирус тегеренип-тегеренип абактагы Атамбаевге да жетти. Эки өпкөсүнөн тең пневмония деген диагноз коюлуп, дарыланууга жаткырылды.

Ал өзү эле камакта болсо ага ким жуктурду деген мыйзамдуу суроо да коюлат. Албетте, адвокаттарынан да. Башка аны менен өтө тыгыз байланышта ким болмок эле. Жок дегенде коргоочусун аяп койбойбу десең. Жөн жатпай кайра-кайра кирип жатып, жанагы Замир Жоошев деген адвокатынан жуккан экен. Анысы болсо Атамбаевдин баласы Кадыр менен тыгыз кызматташары айтылууда. Демек, адвокат Жоошев дагы, Кадыр Атамбаев дагы коронавирус илдетин жуктурушуптур. Ошентип, абакта жөн жаткан бечара Атамбаевге илдет жугузуп отурушат. Бул илдеттин мүнөзү ушундай экен, кээде ушинтип, түз эле өпкөсүн кагынтып тынат тура. Атамбаевдин пневмониясы адвокатынын азабынан ушинтип өөрчүп отурат.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram