Экс-министр Батыралиевдин тарапташтары оор кырдаалдан пайдаланып, аны пиарлап киришти

30.06.2020

Башы оорубагандын Кудай менен иши жок. Дүйнөнү дүрбөткөн бул илдеттен жаны кыйналып, эч бир ылаажы табалбай жатса, айрымдар ого бетер кырдаалды курчутуп куру сөздөрү менен элди дүрбөлөңгө салып отурушат.

Кечээ жакында эле ушу медицина тармагындагы эксперт деп өзүн санаган Айбар Султангазиев кырдаал таптакыр эле көзөмөлдөн чыгып кетти деп жар салды. «Медкызматтар тестирлөөнү жолго кое албай калды, ооруканаларда бош орундар жок, дары-дармектин запасы да түгөнүп жатат. Дарылоонун алгоритми өзгөртүлбөй жатат» деген сыяктуу бир топ сын-пикирди тизмектеп алыптыр. Соцтармакта бирөө бир нерсени билип билбей эле айтып койсо, анын аркасынан ону кошулуп, маалымат будуң-чаң болуп жатып калат го. Айбар Султангазиев деле дал ошол калпы-чыны аралашкан интернеттеги мааалыматтарды топтоп, медиктердин тилине салып, өзүнчө эле сабаттуу бир маек куруп бергендей болуптур. Болбосо бул жерде мынча орун бар, тигил жерде бейтаптар кабыл алынып жатат, Воронцовкада орун даярдалууда, дарылоо алгоритми өзгөрүп, пневмония дарты менен келгендерди дагы коронавирус илдетине даярдалган жайларга жайгаштыра баштады деп маалыматтар чыгып жатпайбы. Анан калса Айбар Султангазиев 7-10 күндөн кийин илдеттен каза болгондордун саны болуп көрбөгөндөй өсөт, эпидемия кайрадан облустарга тарайт деп көзү ачыктык кылды. Мындайда «оозуңа кара таш» деш керек. Жеке эле Айбар Султангазиев ушинтип чыгып жатат десе, соцтармактарда элге анча-мынча таанылган Макенбаева, Баялинова деген айымдар дагы дал ушул өңүттөгү пикирлери менен бөлүшүптүр. Көрсө буларды байланыштырып келген маселе – экс-миистр Талант Батыралиевди пиарлоо экен. Булар уялбай-этпей туруп, оор кырдаалды бетине кармап, «азыркы министр жана Өкмөт колунан иш келбей жатат, 3 айдан бери оорукана куруп койсо болмок» деп нааразы болушат. Алар укмуш деген Батыралиев 3 жыл дегенде оорукана курду эле. Аны дегеле көтөрө чаап, керек болсо вице-премьер-министр же министр кылыш керек деп айга-күнгө көкөлөтүшөт. Эгер андай мүмкүнчүлүк берсе, андан пайдаланып туруп, таптакыр эле коммерция менен алектенип калаарына шек жок. Себеби Батыралиев министр кезинде оорукана салуу имшердигинде коммерция менен дагы шугулданып жибергени байкалып, ошону менен кызматтан кетти эле. Бул элдин эсинен чыга элек.

fakt.kg

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram