Өзбекстанда эки баштуу ымыркай төрөлдү…

30.06.2020

Өзбекстандын Самарканд облусунда эки баштуу ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Kun.uz жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ымыркайдан анализдер алынып, ичи органдары экиден , жыныстык мүчөсү бирөө экендиги аныкталган.

“Дүйнө жүзүндө мындай окуялар чанда кездешет. Мындай балдар көп жашашы мүмкүн, кээ бирде 30-35 жашка чейин жашагандар да бар. Дарыгерлер ымыркай төрө электе ата-энесине билдиришкен. Бирок, алар баланы жаркы дүйнөгө алып келүүнү чечишкен. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын абалы жакшы”,- деп билдирген төрөткананын башкы дарыгери.

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram