Жээнбеков: “Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок”

30.06.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сөз сүйлөп, депутаттарга жана өкмөткө кайрылды.

“Урматтуу депутаттар!

Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү!

Жогорку Кеңештин жаңы курамын шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат.

Биз шайлоо эрежелеринин алдын ала белгилүү жана туруктуу болуусуна жетишүү максатында эрежелер шайлоого бир жыл калганда бекемделсин, андан кийин өзгөртүүлөр киргизилбесин деген убадабызды аткардык.

Боло турган шайлоого укук жагынан сапаттуу даярдык көрдүк. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, күчүнө кирди.

Шайлоо адилеттигин добуш берүү жана аларды эсептөө учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылууну көздөп жатабыз.

Шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик механизмдерин киргизүү жана административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча мыйзамды кабыл алып бердиңиздер.

Бул мыйзамдар алдыдагы шайлоо өнөктүгүнүн адилеттигин жана сапатын жакшыртуу үчүн жасалган чоң кадам болот.

Урматтуу Өкмөт мүчөлөрү!

Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм.

Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт.

Эл арасында „тигил же бул партия Президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен“ деген сөздөрдү угуп жатам.

Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү.

Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам.

Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн.

Бирок, Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок.

Менин тирегим — эл.

Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам.

Бир Кудайга, анан элиме ишенем.

Менде мына ушундай ички эркиндик бар.

Алдыда келаткан шайлоодо мына ошол ички эркиндигиме таянып, баарына бирдей, калыс шарт түзүп берүүгө аракет кылам.

Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын”,-деп билдирди Президент.

 

Share on facebook
Share on twitter
Share on whatsapp
Share on vk
Share on odnoklassniki
Share on telegram